Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Чек араларга кошумча аскерлер жөнөтүлөт


Бул тууралуу Роза Отунбаева бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ошондой эле кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында кырдаал оңой эмес экенин, УКМК бул маселеде катуу алектенип жатканын кошумчалады.

- Мен катуу реформа жасап атабыз деп айта албайм. Азыр реформа эмес, күч структураларын бутуна тургузуп, кырдаалды туруктуу кармап туруу, чек арачы, күч структураларынын квалификациясын жогорулатуу чоң маселе болууда. Чек араларга кошумча аскерлерди жөнөтөбүз, - деди Отунбаева.

Мамлекет башчынын айтымында, чек араларды бекемдөө жана чек арачыларды машыктыруу үчүн Орусия жана башка өлкөлөрдөн жардам суралууда. УКМКда структуралар өзгөрүүдө. Ал эми Коргоо министрлигинде аскерлерге өзгөчө кырдаалдар үчүн пакеттер даярдалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG