Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

ЕККУ өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кирүүсүнө ким ураксат бергени иликтенет


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 16-17 өкүлү Ош шаарында иштеп жатканын бүгүн парламент жыйынында депутат Садыр Жапаров көтөрүп чыкты. Анын айтымында, ЕККУнун 12 өкүлү Косоводо иштеп кеткен деген маалыматтар бар.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев тартип коргоо органдарын реформалоо багытында келген ЕККУ өкүлдөрүн милиция кызматкерлери коштоп жүргөнүн белгиледи. Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тартип коргоо органдарына болгон элдин ишенимин көтөрүү максатында ЕККУдан коомдук-коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн өкүлдөр чакырылганын, бул боюнча ички иштер министринин орун басары Николай Солдашенко Венада сөз сүйлөгөнүн, ЕККУ өкүлдөрү 2011-жылдын январь айынан тарта Кыргызстанда иштеп баштаганын кабарлады.

ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков коомчулук каршы болуп жатканына карабай ЕККУ өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырган министрге ким укук, мандат бергенин иликтөөгө алуу зарылдыгын көтөрүп чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG