Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Коогалаңдын жылдыгына Өзбекстан, Тажикстан имамдары катышат


Бул маалыматты “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров тастыктады. Мындан тышкары Ош шаарында “Энелердин көз жашы” деген айкелдин ачылышы болот.

Быйыл 10-июнь жума күнгө туш келгендиктен эркектер жума намазга барат. Ал жерде шейит кеткендердин арбагына арналып куран окулуп, Кыргызстан муфтийи Чубак ажы Жалилов баш болгон Өзбекстан, Тажикстандан чакырылган имамдар мусулмандарды ынтымакка, биримдикке чакырат.

Булардан сырткары Борбор Азиядагы христиан чиркөөсүнүн епискобу чакырылган. Бир жылдыкка байланыштуу Ош шаарында өтө турган иш-чараларга жогорку бийлик өкүлдөрү катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG