Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Сирияда дагы 15 кишинин каны төгүлдү


Сирияда коопсуздук кызматтары менен өкмөткө каршы оппозициясынын 2-июндагы кагылышуусунда кеминде 15 кишинин каны төгүлдү.

Нааразылык акциясын уюштурууга жардамдашкан Жергиликтүү координациялоо комитети кандуу булоон Растан шаарында болгонун билдирди. Муну менен Растанда соңку үч күндөгү кагылышта набыт болгондордун саны 60ка чукулдаган.

Австралия бүгүн Сирия президенти Башар Ассадды нааразылык чыгууларды айоосуз басканы үчүн Эл аралык кылмыш сотунда жоопко тарттыруунун амалын издей баштаганын жарыя кылды.

Оппозициянын кабарлашынча, марттын ортосунда Ассадга каршы демонстрациялар башталгандан бери коопсуздук күчтөрү менен кагылыштарда 1 миңден көп адам, анын ичинде 25 чакты бала курман болгон.

XS
SM
MD
LG