Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Кытай өкмөтү Google компаниясынын сөзүн төгүндөдү


Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Google компаниясынын Кытай өкмөтү кибер чабуулдарды колдойт деген маалыматы такыр негизсиз экенин, мындай айыптоо купуя максатты көздөп жасалганын билдирди.

Бүгүн Google компаниясы Кытайда уюшулган кибер чабуулдан жүздөгөн мартабалуу америкалык аткаминерлердин, аскерий кызматкерлердин жана журналисттердин e-mail дарегиндеги маалыматтар зыян тартканын билдирген. Бирок Google кибер чабуулга кимдер кабылганын маалымдаган эмес. Google ошентип акыркы 17 айда экинчи жолу Кытайдан компаниянын интернеттеги почта кызматына кибер чабуул уюштурулуп жатат деп, ырасмий Бээжинди күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG