Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Е-coli бактериясынын теги иликтенүүдө


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада жайылган e-coli бактериясы мурда белгисиз бактерия экенин 2-июнда маалымдады. Европанын тийиштүү кызматтары 18 адамдын өмүрүн жалмаган жана 1,5 миңден ашуун адамды кесел кылган бактериянын булагын азырынча таба элек. Коркунучтуу бактериядан каза тапкандардын көбү Германиянын жарандары.

Еврокомиссия бүгүн Орусиянын Биримдикке мүчө өлкөлөрдөн быйылкы жашылча-жемиштерди сатып алууга тыйуу салуусун сындады. Европада адам өмүрүнө кооптуу e-coli бактериясы чыккандан улам Орусия Евробиримдиктен быйылкы жашылча-жемиштерди сатып алууну 2-июндан тарта токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG