Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

УКМК түштүктө элдин колунан 300дөй курал-жарак алган


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымдашынча, былтыр июнь коогасынан кийин 300дөй курал жарак жана 8 миңдей ок-дары алынган. Коога боюнча элүүдөн ашык иш тергелип, анын теңинен көбүнө УКМК кылмыш ишин козгогон.

Июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмү талкууланып жаткан чакта атайын кызмат былтыр коогалуу күндөрү жана андан кийин жасаган иштери тууралуу кеңири маалымат таратты. Буга чейин УКМКнын дарегине улуттук жана эл аралык комиссиялардын бүтүмүндө сындар айтылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG