Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Исаков: Кооганы токтотууда Убактылуу өкмөттүн салымы чоң болгон


Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков июнь коогасын басууда Убактылуу өкмөттүн салымы чоң болгонун белгиледи. Ал былтыр коогадан кийин бийлик чечим кабыл алып, коменданттык саат киргизилгенин эске салды. Кооганы токтотуу үчүн көрүлгөн бул чараны армия камсыз кылганына токтолуп, Исаков жергиликтүү бийлик ошол маалда күнү-түнү иштегенин белгилей кетти. Депутат “"кооганы эл басты" деп айтпай атасыңар”, - деп нааразыланды. Исаков июнь коогасын токтоткону үчүн Алымбеков, Байболов, Жээнбеков, Мырзакматовго ыраазычылык билдирип, Убактылуу өкмөт ошол күндөрү колдон келгенди жасаганын кошумчалады.

Коогадан кийин чыгып кеткен 75 миң өзбек кайра Кыргызстанга кайтып келгенин айткан Исаков “эгер эл бийликке, күчкө ишенбесе эл кайра кайтып келет беле?” деп суроо койду.

Июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссия бүтүмү боюнча парламент талкуусуна катышуу үчүн президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев келди. (EK)

XS
SM
MD
LG