Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Кулов: Коогалаңдын кайталанышына жол бербейли


Бул тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов парламент талкуусунда билдирди. “Жакынкы күндөрү июнь коогасынын кайталанышын алдын алуу милдети турат” деген Кулов өкмөткө жикчилдикке жол бербөө үчүн болгон чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

Депутат түштүктө тартип коргоо кызматкерлери өзбек улутундагылардын документтерин көрсөтүүнү талап кылып, опузалап жатканын билдирди.

Депутаттык комиссия бүтүмдөрүнүн негизинде жазылып жаткан Токтомго кошумча катары Кулов кооганын келип чыгыш себептерине Бакиевдердин жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн саясий жоопкерчиликтерин бөлүп көрсөтүү сунушун берди.

Кулов Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн "окуяны алдын алган жок" деп, ал эми Бакиевдерди "окуянын келип чыгышына шарт түзүп, себепчи болду" деп айыптап өттү. (EK)

XS
SM
MD
LG