Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Ош: Коопсуздук көңүл чордонунда


Ош шаарынын борбордук аянтында күч түзүмдөрүнүн аскердик кароосу өттү. Анда коопсуздукту бекемдөө боюнча багыттар аныкталып, тапшырмалар берилди.

Ички иштер министрлигинин, ички аскерлер командачылыгынын, коргонуу жана коопсуздук күчтөрүнүн атайын топтору июнь коогалаңынын бир жылдыгына байланыштуу коопсуздукту бекемдөөгө багытталган. Мындан сырткары БМП, БТР үлгүсүндөгү оор техника, аскердик унаалар жана атайын жабдуулар кароодон өткөрүлдү.

Аскердик жүрүштү ички иштер министринин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков кабыл алды:

- Ою жаман адамдар дагы деле арабызда жүрүшөт. Дагы да болсо элдин тынчтыгын бузгусу келгендер, эки элди араздаштырып, өздөрүнүн максаттарына жетүүнү эңсегендер аз эмес. Ошондуктан биз өз салымыбызды тынчтыкты сактап калууга кошууга тийишпиз.

Биздин кызматкерлер, аскерлер өздөрүнүн милдеттерин так аткарууга тийиш. Мына ошондо гана ар кандай кара ниет аракеттерге жол бербейбиз.


Ош шаарынын жана облустун аймагы он эки коменданттык бөлүккө бөлүнгөн. Ага ылайык коопсуздук күчтөрү негизги багыттар боюнча жайгаштырылгандыгы айтылды.

Күч түзүмдөрү ыкчам аракеттенүүчү көзөмөл тосотторунан жана атайын даярдыктагы аскердик топтордон турат.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Мамат Орозбаев ар кандай ушак-айыңдар катталганы менен анын бири да тастыкталбагандыгын кошумчалады:

- Чындыгында эле эл арасында ар кандай ушактар көп болуп жатат. Мунун бардыгын мына ошол тынчтыкты бузгусу келген күчтөр таркатууга аракеттенип, ушак-айың аркылуу бүлүк салуу ниеттери бар. Биз анын бардыгы боюнча иштеп жатабыз. Шаардын ичинде күнүнө сегиз жүздөн ашуун милиция кызматкерлери жана бир жарым миңден ашуун элдик кошуундар коопсуздукту көзөмөлдөп турушат.

Аталган аскердик жүрүш күч түзүмдөрүнүн ар кандай башаламандыктарды басууга дараметин көрсөтүү үчүн уюштурулуп жаткандыгы белгилүү болду.

Анткен менен элдин арасында күч түзүмдөрүнө болгон ишеним ар түрдүү.

Айрымдары коопсуздукту бекемдөөдө аларды негизги таяныч катары карашса, экинчилеринде ишенбөөчүлүк орун алган:

- Биз аскерлерге ишенбегенде кимге ишенебиз? Алардын күч-кубатын көрүп туруп, былтыркыдай тополоңго жол берилбей тургандыгына ишендим. Буга чейин болгон кандайдыр бир чочулоо сезими жоголду.

- Мына ошол окуянын башын козуткан ошол органдар болду го деп ойлойм. Болбосо карапайым элде каяктан курал болсун. Мен аларга эч качан ишенбейм.

Иш-чаранын соңунда коопсуздукту көзөмөлдөп жаткан кызматкерлерге карата атайын аскердик нускамалары эскертилип, жетекчилик аларды аскердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга чакырды.

XS
SM
MD
LG