Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Бабанов: Бүргөндү маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилүүгө тийиш


Баткен облусуна жасаган иш сапарында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өзбекстан иштетип жатканы айтылган Баткендеги Бүргөндү мунай чыгуучу аймагы менен таанышып, бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилиши керектигин билдирди. Бүргөндү айылынын башчысы Алчынбай Төралиевдин бул жолугушууда билдиришинче, аталган аймакта Өзбекстан күнүнө 20 тонна мунай өндүрүүдө. Ушул тапта 36 мунай бургулоочу каражаттардан ону иштеп жатат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен облусуна караштуу Бүргөндү аймагында “Түндүк Сох”, “Түндүк” Риштан”, “Сары-Камыш”, “Сары-Оток”, “Чаур-Яркутан”, “Чонгара-Калча”, “Түштүк Риштван” деген мунай чыгуучу очоктор бар. Өзбекстан бул аймактарды Советтер союзу учурунан бери иштетип келет. Кыргызстан тарап бул кен аймагын кайтаруу аракетин көргөнү менен, Өзбекстанда тараптан жооп боло элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG