Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

5-июнда айрым жерлерде жамгыр себелейт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 5-июнда Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27, Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG