Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Таласта жыйындын катышуучулары бийликке кайрылуу жолдошту


Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын аракетине нааразы болуп бүгүн Талас шаарында жыйынга чогулган апрель ыңкылабынын айрым катышуучулары президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жөнөтүштү. Анда чогулгандар “апрель ыңкылабына катышкан таластыктарды каралоого аракет кылган” деген жүйө менен “Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошеванын жана апрель-июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытовдун аракетине баа берилишин талап кылышкан. Мындан тышкары “Ата Мекен” фракциясынан депутат Болот Шерге генерал-лейтенант деген наамы кайтарылып, Кыргыз Эл баатыры наамы берилишин өтүнүшкөн.

Бүгүн Талас шаарында жыйынга чогулган 500дөн ашык тургун кечээ парламентте апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда Талас элине каралоолор айтылды деген жүйөнү билдиришүүдө. Өзгөчө “Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошеванын өткөн жылдын 6-апрелинде мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин Таласта сабалышын адамгерчиликсиз аракет катары баалаганына каршы болушууда.

Өз кезегинде депутат Жылдыз Жолдошева дарегине айтылган сындардын негизсиздигин белгилеп, министрдин сабалашы боюнча Талас элин эч качан каралабаганын “Азаттыкка” билдирди. Ал болгону апрель жана июнь окуялары боюнча корутундусунда өткөн жылдын апрелинде Молдомуса Конгантиев айрым адамдар тарабынан мыкаачылык менен сабалганын эскертип гана өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG