Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

“Азаттык” футболдук мелдеште 1-орунду ээледи


Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналып, Бишкекте массалык маалымат каражаттары арасында өткөрүлгөн футболдук мелдеште “Азаттык” үналгысынын командасы биринчиликке ээ болду.

Экинчи орунду Коомдук телеканалдын “РРТЦ” командасы, үчүнчүнү “ЭлТРдин” кызматкерлери алышты.

Финалдык оюнда “Азаттык” менен “РРТЦ” командалары беттешип, “Азаттыктын” кызматкерлери атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп алды.

Жеңүүчүгө “Кыргыз радиосунун” 80 жылдыгына карата атайын кубок ыйгарылды. “Азаттыктын” Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагулов “Жашы улуу мыкты оюнчу” деп табылып, атайын диплом менен сыйланды.

Бишкектеги “Динамо” стадионунда өткөн футболдук мелдешке жалпы сегиз команда ат салышкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG