Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Июнь коогасы боюнча компенсация ала тургандар такталууда


Компенсация берилиши үчүн коогада мерт болгондордун жана жаракат алгандардын саны такталып, расмий түрдө тизмеси түзүлүп жатканын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Маалыматка ылайык, 378 адамдын июнь коогасында мерт болгонун аныктаган расмий мааалымат Социалдык коргоо министрлигине жиберилди. Жаракат алган 494 адамдын тизмеси такталды. Касымбек Мамбетов билдиргендей, ушул тапта каза болгон жана жараат алгандардын тизмеси такталууда.

Май айынын башында кыргыз өкмөтү июнь окуяларында мерт болгондорго жана жараат алгандарда материалдык жардам берилерин жарыя кылган.

Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылкы июнь коогасында 435 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 2244 адамга жеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG