Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Депутаттык комиссиянын отчету боюнча токтом комитеттерде талкууланат


Апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жума күнү кабыл алган токтом алдыңкы аптада профилдик комитеттерде, координациялык кеңеште жана фракцияларда талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, өткөн бейшемби, жума күндөрү комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда кеминде алтымыштан ашык депутаттан сунуш түшкөн. Бул сунуштар токтомдун текстине киргизилип, документтин толук варианты комитет, фракциялардагы талкуудан кийин келерки бейшемби күнү парламенттин жалпы жыйынына коюлат.

Апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутатык комиссия үчкө бөлүнүп, үч корутунду чыгарылган. Жогорку Кеңеш депутат Токон Мамытов жетектеген комиссиянын жыйынтыгын негиз катары кабыл алуу тууралуу токтом кабыл алган. Бул комиссиянын жыйынтыгында июнь коогасы Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулганы, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана жакындары, криминалдык күчтөр окуянын өнүгүшүнө таасир тийгизгени айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG