Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргызстанга 100 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май келет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Нефтитрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, бул былтыр ташылып келинген көлөмдөн 25% көп. Маалыматка ылайык, 3-5 айдан кийин гана күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа түшүшү ыктымал. Ассоциация баалардын өсүшүн Орусиядан бензин кымбат келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Акенеев майлоочу май Кыргызстанда 1-1,5 сомго кымбаттарын, бирок таңсыктык болбой турганын кабарлады. Жакында Орусиядан дагы 10-15 миң тоннага жакын май келиши күтүлүүдө.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бир аптада Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 30 тыйынга, Аи-92 үлгүсүнүкү 40 тыйынга чейин көтөрүлгөнүн билдирүүдө. Ал эми дизелдик отундун баасы 20 тыйынга чейин жогорулаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG