Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Ош шаарында Барсбек каганга айкел тургузулат


Бул тууралуу Ош шаар мэриясынан “Азаттыкка” кабарлашты. Эне-Сай кыргыздарынын башчысы катары тарыхта таанымал Барсбек кагандын айкели Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда тургузулат. Учурда атайын сынактын негизинде айкелдин үлгүсү тандалып, аны жасоо иштери башталуу алдында турат. Мындай аракет кыргыздардын тарыхын келечек муунга түшүндүрүү максатында жасалууда.

Барсбек, Ынанчу алп Билге – сегизинчи кылымдын башында Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен-Улуг деген элчисин баш кылып, өкүлдөрүн Тибетке жана Кытайга жана Түргөш кагандыгына жиберген. 711-жылы Чыгыш түрк кагандыгы менен согушта курман болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG