Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Июнь коогасы боюнча бүтүмдөрдү иликтей турган мамкомиссия түзүлөт


Бул тууралуу президенттик Аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев июнь коогасы боюнча уюштурулуп жаткан илимий конференцияда айтты. “Окуя болгондон берки бир жылы ичи эл аралык коомчулук бизди геноцид жана бир улутка каршы аскердик кылмыштар үчүн айыптады. Бирок июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссия мындай айыптоолорду четке кагып берди. Комиссия июнда жөн гана конфликт орун алган деген бүтүмүн берди. Эл аралык коомчулук бул бүтүм менен макул болду. Өзүбүздүн күч менен биз жакынкы 10-20-жылда 2010-жылы түштүктө геноцид болгон эмес деп далилдей алмак эмеспиз” –деди президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев.

Каптагаев жакында июнь коогасын иликтөөгө алган бардык комиссия кортундуларын иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө тургандыгын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG