Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Кыргызстанда Улуу Британия элчилиги күзүндө ачылат


Бул тууралуу Казакстандагы Улуу Британия элчиси Дэвид Моран бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Морандын айтымында, элчиликтин ачылышы менен британ ишкерлери үчүн Кыргызстандын коммерциялык дымагы ачыкталат. “Биздин ишкерлер Кыргызстан менен каржы, билим берүү жана тоо кен өндүрүш жаатында кызматташууга кызыкдар” –деди Казакстандагы Улуу Британия элчиси Дэвид Моран.

Ошондой эле, элчинин айтымында, Кыргызстандагы Улуу Британия өкүлчүлүгүнүн ачылышы өлкөдөгү саясий кырдаалды таасын түшүнгөнгө, ошону менен бирге туруктуулукка колдоо көрсөткөнгө көмөк болмокчу.

Буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстанда Өнүгүү департаментинин өкүлчүлүгү гана бар эле.(EK)

XS
SM
MD
LG