Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстанда 20 миңден ашуун адамдын паспорттук көйгөйү бар


Бул тууралуу БУУнун Улуттук азчылыктар боюнча башкы башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс-Фридрих Шоддер билдирди. Шоддердин айтымында, БУУнун аталган башкармалыгы бул жаатта иликтөө жүргүзүп, Кыргызстанда документтик көйгөйлөр негизинен аялдар (нике күбөлүгү) менен балдарга (туулгандыгы тууралуу күбөлүк) таандык экенин аныктаган.

Республикалык каттоо кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө 7 миңге чукул адамдын жарандык каттоосунда маселелер бар. Бул адамдардын көпчүлүгүн советтик үлгүдөгү паспортун алмаштыра албай жүргөндөр түзөт. Учурда каттоо кызматы тарабынан жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн республика боюнча он мобилдик топ иштеп атат.

Былтыр БУУнун Улуттук азчылыктар боюнча башкы башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана республикалык каттоо кызматы биргеликте 9 минден ашуун адамга кеңеш берип, анын негизинде 400 адам кыргыз жарандыгын алган. (EK)

XS
SM
MD
LG