Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Башпрокуратура эки эркин гезитке карата иш козголгонун четке какты


Баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев “улутчул деген айып менен эки гезитке карата кылмыш ишин козголду” деген маалыматты четке какты. Буга чейин ага шилтеме берип жергиликтүү интернет басылмалардын бири “Айкын саясат” гезитине “Жөөттөр деп жөө калабызбы” аттуу макаласы үчүн, ал эми “Эл сөзү” гезити Игорь Трофимовдун кайрылуусун басып чыккандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун жазып чыккан.

Баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев УКМКга бул гезиттердеги макала, кайрылуулардын мазмунунда улут аралык мамилени козутчу маани бар-жок экенине экспертиза жүргүзүүгө көрсөтмө гана бергенин “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, баш прокуратура азыр эркин гезиттерге көзөмөл кылбайт.

“Айкын саясат” гезитинин баш редактору Күнболот Момоконов “Жөөттөр деп жөө калабызбы” деген макаланын максаты улут аралык касташууну козутуу эмес, Кыргызстанды экономикалык каатчылыкка алып келгендердин башатында кимдер тургандыгын ачып берүү болгонун "Азаттыкка" билдирди. .

Буга чейин президент Роза Отунбаева айрым гезиттер сөз эркиндигинен ашкере пайдаланып, улуттар аралык касташууну козуткан чакырыктарга орун берип жаткандыгын айыптаган эле.(EK)

XS
SM
MD
LG