Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Пакистанда аба соккусунан 18 киши набыт болду


Пакистандын түндүк-батышындагы америкалык учкучсуз учактардын 3 жолку соккусунан өлгөндөрдүн саны 18ге жетти. Алгачкы сокку Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстанда Вана шаарынан алыс эмес жерде согушкерлердин унаасы деп боолголонгон жерге тийген. Өлгөндөрдүн кимдиги тууралуу тастыкталган маалымат айтыла элек, азырынча алар чет элдик жалданма согушкерлер деген гана божомол бар.

Жума күнү ушундай соккудан Түндүк Вазирстанда «Ал Каида» тобунун мүчөсү Иляс Кашмир өлгөндүгү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG