Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Португалияда социалисттер шайлоодо жеңилди


Премьер-министр Жозе Сократеш кызматтан чегинүүгө арыз берди. Расмий маалыматта жекшембиде өткөн шайлоодо социал-демократтар 39% менен алдыда, ал эми социалисттер болсо 28% добушка ээ болду. Эми социал-демократтарга парламенттеги 230 орундун көпчүлүгүн ээлөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Жаңы өкмөт Эл аралык валюта кору менен Еврошериктештик бөлгөн 78 миллиард евро насыяны пайдаланып, улуттук экономиканы сактап калуу чараларын көрүүсү керек.

Жозе Сократеш башында турган социалисттер алты жыл өкмөттү жетектеген мезгилде Португалия экономикалык каатчылыкка кабылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG