Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Тестирлөөнүн жыйынтыгы банк уячаларында сакталат


Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөгөдөгү жыйынтыктары атайын дисктерге көчүрүлүп, банк уячаларында сакталат. Кийин талаш маселе болуп калса, алар текшерүүгө алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырова билдирди. Дисктерди уячаларга бекитүү иш-чарасы бүгүн өтмөкчү.

Маалыматка ылайык, быйыл 36 миңден ашуун бүтүрүүчү тест тапшырган. Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы жалпы 75 миңге жакын бүтүрүүчү болсо, алардын 50 миңдейи тестирлөөгө катышаарын билдирген эле. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG