Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Жогорку Сот Орузбаеваны сабаган түрк жаранынын ишин карады



Бүгүн Жогорку сот түрк жараны токмоктогон сатуучу кыз Чолпон Орузбаеванын арызын карап, буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Апрель айында “Вефа”соода борборунун ичиндеги “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери Гүнеш Йылмаз аттуу түрк жараны сатуучу кыз Чолпон Орузбаеваны сабап салган. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында сатуучу кыздын ден соолугуна катуу залал келтирилгени аныкталып, бул ишти караган Биринчи май райондук соту Түрк жарынын 2 айга чейин убактылуу тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бирок Гүнеш Йылмаздын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылып, жыйынтыгында ал өлкөдөн чыгып кетпөө кепилдиги менен коё берилген. Буга байланыштуу Чолпон Орузбаева Жогорку Сотко кайрылган. Бүгүн сот отурумуна Гүнеш Йылмаз келген жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG