Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


8-10-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Кыргызстанда 8-июнда ала булут каптап турат, кээ бир аймактарда өткүн болуп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдык ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31 градус жылуу болот. Баткен облусунда түнкүсүн 14…19 , күндүз 27…32, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25градус жылуу.

Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу. Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 30…32 градус жылуу болот.(AzK)

XS
SM
MD
LG