Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Обама Ооганстанда аскерлерди кыскартуу маселесин жакын арада чечет


Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШ президенти Барак Обама июль айынан тарта АКШ аскерлери Ооганстандан чыгарыла баштаар-баштабасын жакынкы күндөрү чечет. Басма сөз катчы Жей Карнейдин айтымында, Обама жериндеги кырдаалга негизденүү менен америкалык күчтөрдү санын реалдуу же олуттуу кыскартууга көрсөтмө берүүгө ниеттенүүдө. Бирок кандайдыр бир сан жөнүндө азырынча чечим кабыл алына элек, Обама аскерий кол башчылардын сунуштарын күтүүдө.

Азыр Ооганстанда 100 миңдей америкалык аскер жайгаштырылган. АКШ менен НАТО 2014-жылга барып коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган өкмөтү өзүнө алыш үчүн аскерлерин чыгара баштоону белгилөөдө. Май айында Пакистанда “ал-Каида” лидери Усама бин Ладен жок кылынгандан бери Обаманы Ооганстандагы америкалык аскерлерди бир топко кыскартууга чакырып жатышат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Обама Ооганстандагы кырдаалды шаршемби күнү ооган президенти Хамид Карзай менен видео-конференция учурунда талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG