Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда сот системасы реформага муктаж


Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы сот системасына карата жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Изилдөөнүн жүрүшүндө өлкөдөгү сотко кайрылган адамдардын арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага ылайык сот системасы начар абалда экендиги аныкталган. Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Александр Кремердин айтымында, Кыргызстан бул тармакты оңдомоюн экономикасын көтөрө албайт. Анткени өлкөдө бизнес чөйрөнүн сотторго ишеними жок. Ушул себептен алар бул жерде иш баштоого батынышпайт. Дүйнөлүк банк изилдөөсүн 2009-жылы баштаган. Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу анын жыйынтыгын жарыялоо кечеңдеп келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG