Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ливиянын тышкы иштер министри Кытайга келди


Кытайдын билдиргенине караганда, Ливиянын тышкы иштер министри Бээжинге өлкөсүндөгү кризисти саясий жол менен чечүү зарылдыгын талкуулоо үчүн барган. Абдул Ати ал-Обейди Бээжинге кытай дипломаттары жакында Ливиядага козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин лидерлери менен жолуккан соң келип олтурат. Бул аралыкта орус президенти Дмитрий Медведевдин Африка боюнча чабарманы бүгүн козголоңчулар менен кездешүү үчүн Бенгазиге барды.

Март айында БУУнун Коопсуздук кеңеши НАТОго Каддафинин күчтөрүнө абадан сокку урууга уруксат берген резолюция кабыл алганда, Кытай менен Орусия аны колдогон да, каршы чыккан да эмес. Бул эки өлкө андан бери аба соккуларынын кеңейгенине нааразылык билдирип, кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG