Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Сирия: укук коргоочулар жаңы репрессиялардан чочулашат


Сириянын өкмөттүк телеканалы тартип коргоочулар "куралдуу топтун" колунан каза табышканын кабарлады, 6-июнь, 2011-жыл
Сириянын өкмөттүк телеканалы тартип коргоочулар "куралдуу топтун" колунан каза табышканын кабарлады, 6-июнь, 2011-жыл

Сирия бийлиги Түркия менен чек ара аймагындагы шаарчада коопсуздук кызматынын 120дан ашуун жоокери “куралдуу топ” менен кагылышууда набыт кеткенин билдирди. Бирок укук коргоочу активисттер, оппозиция жана көз карандысыз аналитиктер Дамаск өкмөтү элдик көтөрүлүштү басуунун дагы бир амалын издеп жатат деген ойго ыкташат.

Сирия өкмөтү айрым чөлкөмдөрдөгү көзөмөлдү колдон чыгарганын моюнга алып, Йиср ал-Шугхур (Jisr al-Shughоur) шаарчасынын тургундары армиядан коопсуздукту калыбына келтирүүнү өтүнүшкөнүн билдирди. Анын алдында шаарда куралдуу күчтөрдүн жүздөн ашуун аскери окко учуп, өкмөттүк имараттарга өрт коюлганы маалымдалган.

Ички иштер министри Ибрахим Шаар чечкиндүү чаралар көрүлөөрүн айтты:

Сирия, 27-май, 2011-жыл
- Мамлекет карапайым эл менен аскерлердин өмүрлөрүн, коомдун ээлигиндеги өкмөттүк имараттарды коргоого милдеттүү. Биз мыйзамга ылайык чечкиндүү жана катаң чара көрөбүз, өлкөнүн коопсуздугуна жана жарандарыбызга каршы куралдуу чабуулдарды жоопсуз калтырбайбыз.

Бирок Йиср ал-Шугхурда эмне болгонун тактоо мүмкүн эмес. Дүйшөмбүдөн бери ал чөлкөм менен байланыш жок, чет өлкөлүк журналисттер Сириядан чыгарылып жиберген. Бир катар укук коргоочулар 6-июндагы окуяларга күбө болгондорду таба албай жатышканын ырасташууда.

Ал эми Түркия бийлигинин айтымында, чек арадан сириялык жүздөгөн киши өтүп, айрымдары медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Айла кеткенде...

Бир катар көз карандысыз серепчилер өкмөт демонстранттарга каршы буга чейинкиден да катуу репрессияларды даярдап жатат деген жергиликтүү активисттердин оюна кошулушат.

Сириядагы адам укуктарын коргоочулар маалымдагандай, Башар Асаддын режимине каршы элдик көтөрүлүш башталган марттын ортосунан бери 1 миң 100дөн ашуун демонстрант каза тапты.

Лондондук изилдөөчү Майкл Вайс Сириянын мамлекеттик сыналгысы берген бардык кабарларга ишенип болбойт деген пикирде:

- Бул деген башынан аягына чейин калп. Биринчиден, мамлекеттик телеканал режимдин карамагында жана көзөмөлүндө. Режим болсо өз пропагандасын жайылтуу үчүн аракет көрөт.

Оппозициянын куралы жок. Алар муну принцип кылып алышкан. Анын үстүнө андай муктаждык деле жок. Мындайча айтканда, жакшы машыккан коопсуздук аскерлерин кыра тургандай курал-жарактары жок. Менимче, бул - Асаддын айласы кетендеги ойлоп-тапканы.


Вайстын жоромолу боюнча, өкмөт 120 аскердин өлтүрүлүшү жөнүндө маалымат таркатуу менен буга чейин болгон кыргынды жаап жашыргысы келет.

Дагы бир маалыматка ылайык, бир ууч жоокерлер оппозиция тарабына өтүп кетип, коопсуздук органдарынан коргонууга аргасыз болгон.

Резолюция даярдалууда

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер болсо Асад эл аралык коомчулуктун көңүлүн өлкөнүн ички кризисинен башка маселелерге бургусу келет деген оюн ортого салды. Өткөн аптада Сирия менен Израилдин чек арасында Палестинанын таламын талашкан демонстранттар нааразылык акциясын өткөрүп, ортодо кагылышуулар чыгып кеткен.

Йиср ал-Шугхур 1980-жылдардын башында тыюу салынган "Мусулман агайындар" уюмунун таяныч шаары болуп келген. Өкмөт ошол жылдары суни мусулмандардын козголоңун басуу үчүн анын жанындагы Хама калаасын 3 апта бою бомбалап, 10-20 миңдей киши өлгөн.

Ал аралыкта Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе Асад Сирияны башкаруу үчүн легитимдүүлүгүн жоготуп койгон деп билдирди.

Вашингтондо АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушуудан кийин министр Франция оппозициялык демонстранттарга каршы күч колдонгон Сирия өкмөтүн айыптаган резолюциянын үстүнөн иштеп жатканын, документти БУУнун Коопсуздук кеңешинде таратуу пландалып жатканын айтты. Бул аракет Орусиянын ыктымал ветосуна карабай жасалмакчы.

XS
SM
MD
LG