Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Укук коргоочулар Казакстанды 32 өзбек качкынын өткөрбөөгө чакырууда


Алар Казакстан өткөрүп берүүнү көздөгөн 32 адам мекенинде кыйноого туш болушу мүмкүн экендигин эскертип жатышат. Бүгүн Казакстандын Башкы прокуратурасына жолдонгон катта эл аралык "Мунапыс" жана “Хьюман Райтс Уотч” уюмдары акыркы бир жыл ичинде кармалган ал кишилер Өзбекстанда “диний экстремист” деген жүйө менен айыпталып жаткандар экендигин белгиледи. “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстан боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлоунун айтымында, Өзбекстанда кыйноо системалык мүнөзгө ээ экендиги жашыруун эмес жана казак өкмөтү аларды кыйноодон сактап калууга милдеткер.

Бул аралыкта Казакстан террорчулук үчүн айыпталган бир уйгурду Кытайга өткөрүп берди. Укук коргоочулардын айтымында, ал кыйноого кабылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG