Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

АКШ Каддафиге кысым күчөтүлөрүн айтууда


Бул тууралуу Вашингтондон АКШ президенти Барак Обама билдирди. Обаманын айтымында, ал жана немис канцлери Ангела Меркел Муаммар Каддафи бийликтен баш тартышы жана ал кетмейинче кысым күчөтүлүүсү керек деген маселеде орток пикирге келишти. АКШ президенти бул жарыяны немис канцлери Ангела Меркел менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйыны учурунда жасады.

Мунун алдында НАТОнун учактары Триполиде Каддафинин кеңселери жайгашкан имараттарга сокку урган эле. Бүгүнкү чабуулдун күндүз жасалышы адаттагыдан айырмаланды.

Бирок Каддафи мамлекеттик сыналгыдан уктурулган аудио кайрылуусунда “эч качан багынып бербесин”, “тирүү болсо да, өлсө да” Триполиде каларын эскертти.

Бул аралыкта Орусия ливиялык козголоңчуларга экономикалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын айтып, бирок жаңжалды саясий жол менен жөнгөрүүгө чакырды. Орусиянын Африка боюнча чабарманы Михаил Маргелов мындай билдирүүнү Бенгазиде козголоңчулардын лидерлери менен сүйлөшүү өткөргөн соң жасады. Бул орусиялык расмий өкүлдүн козголоңчулардын колундагы шаарга алгачкы ирет барышы.

Женевадан болсо Каддафинин өкмөтүндөгү эмгек министри ал-Амин Манфур режимден кол үзгөнүн жарыялады жана режимден чыккан жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн азырынча акыркысы болуп калды.

XS
SM
MD
LG