Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Отунбаева: 10-июнь - кооганын курмандыктарын эскерүү күнү


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Вена калаасындагы сапары мезгилинде билдирүү жасап, "10-июнда ошол оор 3 күндү эскеребиз" деп айтты. Австрияда расмий сапар менен жүргөн президент кечээ Бруно Крейский атындагы диалог борборунда сүйлөдү. Ал июнь коогалаңы үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимин айыптады:

- Бакиевдин өкмөтү кулатылгандан кийин дароо эле реваншисттер бийликке кайра келгилери келди. Алар ар нерсени жасап көрүштү. Бакиевдин өкмөтү өлкөнүн түндүгүндө кыйынчылыктарды жаратууга аракеттенди, бирок ал өлкөнүн түштүгүндө көздөгөнүнө жете алды.

Австрияга Роза Отунбаева Европа Биримдигинин өтмө президенти Венгриядан келди. Будапешттеги Венгр парламентинин төрагасы Ласло Ковер менен жолугушууда мамлекет башчысы кыргыз парламентаризми колдоого муктаж экендигин белгиледи. Ал Будапешттеги Террор үйү музейинде Чыңгыз Айтматовду жана кыргыз көркөм академиясынын негиздөөчүсү, сталиндик репрессияда атылып кеткен венгриялык айкелчи Ласло Месарошту эскерүү кечесине катышты.

XS
SM
MD
LG