Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Жаңы-Жерде 300 үй-бүлө жер берилбей жатканына нааразы


Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 1993-жылдан тарта Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар турак-жай жана чарбачылык кылуу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Алар 18 жыл ичинде айылда жер мыйзамсыз жолдор менен бөлүштүрүлүп келгенин айтып жатышат. Ушул тапта алар жылына 1 гектар жерге 21 миң сом ижара акы төлөп келишет.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Салим Имрановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бир ай мурун алардын талаптары боюнча жер маселесин иликтей турган өкмөттүн жана айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. Бүгүн айыл өкмөттүн алдына чогулуп жаткандар комиссиянын өкүлдөрүн күтүп жатышат.

Жаңы-Жер айылында 4000 гектар жер үлүшкө бөлүнгөн. Айыл өкмөттүн карамагында 1200 гектар жер бар. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG