Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

"Мекенчил жаштар" июн отчетторуна каршы


"Мекенчил жаштар" кыймылы июнь коогалаңына байланыштуу акыркы убактарда жарыяланган "баяндамалар көбөйүп кеткенин" эскертип жатышат. Кыймылдын мүчөсү Эмил Турдумбековдун маалымат жыйынында билдиришинче, каргаша боюнча иликтөө жыйынтыктарында карапайым жарандардын мүдөөсү эске алынбастан, белгилүү бир тараптардын гана кызыкчылыгы чагылдырылып жатат.

"Мекенчил жаштар" кыймылынын мүчөлөрү мындай кадамдар стабилдүүлүктү сактоого салым кошпой тургандыгын, анын ордуна тынчтыкты орнотуунун башка жолдорун издөө керектигин белгилешүүдө.

Буга чейин июнь коогасы боюнча улуттук комиссия, эл аралык комиссия жана депутаттык комиссия жана башка бир катар уюмдар жыйынтык отчетторун жарыялаган эле. Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын корутундусуна АКШ жана Евробиримдик оң баасын берген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG