Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Насиза: Кыйноолор боюнча бардык арыздар текшерилүүдө


Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Сумар Наcиза “Азаттыкка” июнь окуясынан кийинки иликтөөлөрдүн жүрүшүндөгү кыйноолор туурасында жарандардан түшкөн арыздардын бардыгы текшерилип жатканын билдирди. Анын ичинде укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча фактылар да каралып, ар бирине баа берилип жатканын кошумчалады.

Хьюман Райтс Уотч уюму бүгүн июнь каргашасы боюнча өзүнүн баяндамасын жарыялап, анда окуядан кийинки иликтөөлөр жана тергөөлөр бурмаланганын, адилеттиктен тайып, кыйноолор көп болгонун белгилеген. Уюм кыйноолор боюнча кайрылууларга Башкы прокуратура тийиштүү көңүл бурбагандыгын айтып чыккан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG