Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

7-апрель окуясы боюнча сот 13-июнга жылды


Жогору Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүнкү сот отурумунда адвокаттар котормочунун ишине наарызычылык билдиришип, аны процесстен четтетүү арызы менен сотко кайрылышты. Алардын пикиринде, котормочу Лариса Усубалиева кыргыз, орус тилдерин жакшы билбейт. Судья Дамир Оңолбеков арызды канааттандырып, кийинки сот жараянын башка котормочу менен улантуу чечимин кабыл алды. Лариса Усубалиевага чейин сот процесстеринде 7 котормочу ушундай эле себеп менен алмаштырылган болчу.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү ушул жылдын 18-мартынан бери Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштирилип башталган. Соттук териштирүүдө өткөн жылдын апрелиндеги ок атууларга байланыштуу жыйырмадан ашуун адам айыпталып жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG