Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

ИИМ чагымчыл ушактарга алдырбоого чакырууда


Ички иштер министрлиги июнь окуясынын бир жылдыгына байланыштуу билдирүү таратып, калкты чагымчыл, ар кандай ушак сөздөргө алдырбоого чакырууда. Мындан сырткары улут аралык араздашуу, массалык башаламандыкты болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүп жатканы билдирилген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кандайдыр бир шектүү адамдар жана коопсуздукка байланыштуу маалыматтар болсо ички иштер кызматкерлеринин түз байланыш телефондору уюштурулганын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG