Бүгүн Чүй облусунун Токмок шаарында “Этнос аралык жаңжалдарды жайгаруу жана алдын алууда мамлекет менен жарандык коомдун биргелешип иштөөсү” деген темада эл аралык семинар башталат. Уюштуруучулардын бири Элмира Адамкулованын “Азаттыкка” билдиришинче, семинарда америкалык эксперттин Кыргызстандагы этнос аралык байланыштар боюнча изилдөөсү угулат. Иш-чарага Кыргызстанда жашаган ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышат. (КЕ)