Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Павлюктун жесири: күйөөм Бакиевдин «кара тизмесинде» болгон


Алматыда өтүп жаткан сотто Елена Павлюк билдиргендей, күйөөсү 2009-жылдын 8-августунда үйгө кабагын түйүп келип, маалымат каражаттарын көзөмөлдөө менен алектенген кандайдыр бир орган бар экенин, ал органга жакын адамдар өзүн кара тизмеге киргизишкенин эскертишкенин айтат. Журналист ошондой эле ал кездеги президент Круманбек Бакеивдин уулу Максим Бакиев өз чөйрөсүндө "Павлюкту көргүм да, уккум да келбейт" деп айтканын уккан болот. 51 жаштагы Павлюк андан төрт ай өтпөй, 2009-жылдын декабрында Алматыда колу-буту байланган бойдон алтынчы кабаттан ыргытылып, бир нече күндөн кийин ооруканада көз жумган. Азыр анын өлүмү боюнча күнөөлөнгөн бир кыргыз, эки казак жараны сурак берип жатат. Казак бийликтери Павлюктун өлүмүн катардагы кылмыш деп мүнөздөп, иликтөө ишине кыргызстандык тергөөчүлөрдү катыштырган эмес.

XS
SM
MD
LG