Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Обама Ооганстанда карапайым тургундардын өлүмүнө өкүнүчүн билдирди


АКШнын президенти Барак Обама ооган президенти Хамид Карзай менен видео аркылуу сүйлөшкөндө Ооганстанда АКШ баштаган коалициянын абадан урган соккусунда карапайым оогандардын набыт болушуна көңүл айтты:

- Бүгүн эртең менен президент Карзай менен видео-телефондон сүйлөшкөндө, президент Обама Хелманд провинциясындагы карапайым элдин арасындагы трагедиялык бөөдө өлүмгө өкүнүчүн билдирди. Эки жетекчи тең мындай өлүмдөрдүн басымдуу көпчүлүгүнө адатта талиптер күнөөлүү экендигин белгилешип, мындай трагедиялар элди коргоо боюнча биздин миссияга көлөкө түшүрө тургандыгын белгилешти, - деп билдирди Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карней.

Бейкүнөө тургундардын өлүмү ооган жарандарынын катуу нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG