Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Депутат Ошто ЕККУнун 12 офицери жүргөнүн айтып чыкты


Депутат Каныбек Иманалиевдин билдиришинче, ЕККУдан келген полицияны ким киргизгендигин иликтей турган комиссия Ошко барып келди. Алар ЕККУнун 12 офицери шаарда жүргөндүгүн ырасташты. Алардын төртөө Боснияда, сегизи Косоводо кызмат өтөп келишкен. Депутаттык комиссия эми алардын Кыргызстанга кирүүсүнө ким уруксат бергендигин аныктаганы жатышат. Комиссиянын курамына беш фракциядан экиден депутат кирген.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму түштүктөгү июнь коогалаңынан кийин тартип коргоо органдардын ишине байкоо салуу үчүн өзүнүн 52 куралсыз полиция кеңешчисин Кыргызстанга жөнөтүүнү чечкен. Бул коомчулукта нааразылыктарды жараткандыктан, аталган уюмдан 23 өкүл Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо максатында «Коомдук коопсуздук демилгеси» деген долбоордун негизинде Ош жана Жалал-Абадга ушул жылдын январь айында келишкен болчу. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG