Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Июнь коогасында мерт болгон дарыгерге эстелик тургузулат


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасында иштеген хирург Касымбек Жусупакматов 16-июнь күнү уурдалып кеткен. Июль айынын башында ал октон каза тапкан жарандардын арасынан табылып, 2-июлда жерге берилген.

Касымбек Жусупакматов 2011-жылдан тарта Ош облус аралык балдар ооруканасында хирург болуп иштеп, паталого-анатомиялык бөлүмдү жетектеген.

4-майда ал 39 жашка чыкмак. Артында калган беш баласын жубайы Назгүл Адиева жалгыз тарбиялап келүүдө. Эстелик облус аралык оорукананын аймагында коюлат. (AzK)

XS
SM
MD
LG