Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Ошто кырдаал көзөмөлдө


ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта Ош шаарында тогуз блокпост коюлду. Шаардын ичинде күнү-түнү иштей турган тартипти көзөмөлдөөчү тогуз пост уюшулуп, андагы кызматкерлер бардык байланыш каражаттары менен жабдылды. Мындан тышкары шаарда 60ка жакын кайгуул күзөт маршруту уюштурулуп, анда милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундар күзөт жүргүзүүдө. Бүгүн Ош шаарында маалымат жыйын өткөргөн ИИМдин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков эгер аймакта башаламандык болуп кете турган болсо укук коргоо кызматкерлери мыйзам чегинде ок атуучу куралды пайдаланарын билдирди. Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамдын 15-беренесине ылайык, ар түрдүү кылмыштуулукту алдын алууда биринчи жолу эскерүү берилет, кылмышкер ага баш ийбесе ага карата мыйзам чегинде күч колдонулат, үчүнчү жолу абага эскертүү иретинде ок чыгарылат, андан кийин гана кылмышты токтотуу үчүн милиция кызматкери мыйзам чегинде куралды колдонууга укуктуу. (AzK)

XS
SM
MD
LG