Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Зордуктоо Каддафинин жаңы куралыбы?


Эман Обейди мейманканада аны Каддафинин аскерлери зордуктаганын чет элдик журналисттерге айтууда. Триполи. 26-март, 2011
Эман Обейди мейманканада аны Каддафинин аскерлери зордуктаганын чет элдик журналисттерге айтууда. Триполи. 26-март, 2011

Эгер Ливия лидери Муаммар Каддафини камакка алганга уруксат берилсе, ага "аялдарды зордуктоого тиешеси бар" деп, кылмыш иши ачылышы мүмкүн.

Мындай билдирүүнү Эл аралык кылмыш сотунун баш прокурору Луис Морено-Окампо 8-июнда Нью-Йоркто жасады. Буга чейин Каддафи адамдарды өлтүрдү жана куугунтуктады деп айыпталып жаткан.

Каддафи "Виаграга" колдоо тапты

Муаммар Каддафи анын бийлигине каршы көтөрүлгөн адаватчыларды басуу үчүн козголуш каптаган аймактарда аялдарды массалык түрдө зордуктоого буйрук берген болушу мүмкүн.

Эл аралык кылмыш сотунун баш прокурору Луис Морено-Окампо 8-июнда Улуттар уюмунун баш кеңсесинде кабарчыларга билдиргенге караганда, тергөөчүлөр топтогон маалыматтардын негизинде ушундай тыянакка келсе болот.

Муаммар Каддафи. 30-август, 2010-жыл
Аскерлерди андай жосунсуз иштерге кеңири масштабда тукуруу үчүн, күбөлөрдүн айтышынча, Каддафи жоокерлерге “Виагра” сыяктуу жыныстык кубатты күчтөндүрчү дары-дармектер берилген.

Морено Окампо өз сөзүндө мындай маалыматтарды текшерүү зарыл экенин кошумчалады:

- Кээ бир аймактарда жүздөгөн адамдар зордукталган. Зордуктоолорго Каддафи буйрук бергенин же мындай иштер аскерий барактарда болуп, башка бирөөлөр тарабынан уюштурулганын аныктоо зарыл. Күмөн саноолор бар. Бирок бизде зордуктоого буйрукту Каддафи бергени тууралуу айрым жаңы маалыматтар келүүдө. Ал мурда элди көзөмөлдөө үчүн мындай чарага барган эмес. Зордуктоо - репрессиянын жаңы аспекти.

Каддафинин өкмөтү Эл аралык кылмыш сотун тааныбайт жана береги айыптоого ырасмий түрдө жооп бере элек.

Адам укугун коргоочулар жана окумуштуу-юристтердин айтымында, согуш учурундагы кайсы бир көркоолордун аялдарды зордуктоосу менен карапайым калкты коркутуу үчүн атайын уюштурулган берегидей карасантайлыктардын айырмасы чоң.

Морено-Окампо май айында Каддафини, анын уулу Саиф Исламды жана коопсуздук кызматынын башчысы Абдулла Санусини камакка алуу тууралуу өкүм чыгарган. Алар элдик көтөрүлүштү токтотууда адамгерчиликке каршы кылмыш жасады деп шектелүүдө.

Баш прокурордун Йью-Йоркто кабарчыларга эми Гаагадагы эл аралык сотко кайрылып, аялдарды зордуктоолор факты боюнча да Каддафиге кылмыш ишин ачууну суранарын билдирди.

Согуш зордуктоону арзан куралга айлантты

БУУнун маалымдашынча, аялдарды массалык зордуктоолор согуш жүрүп жаткан аймактарда уруштун куралына айланган.

БУУнун сексуалдык зордук-зомбулуктар боюнча атайын чабарманы
Триполидеги чет элдик кабарчылар көп токточу "Рикос" мейманканасы күйүүдө. 9-июнь 2011

Маргарет Уолстром жакында АКШнын Браун университетинде сүйлөп, сексуалдык зордуктоо “арзан, үнсүз, таасирдүү” болгондуктан, коогалаңдуу жерлерде куралдын бир түрүнө айланганын айткан:

- Ал үчүн октун жана бомбанын кереги жок. Ал үчүн зөөкүр адамдар керек. Сексуалдык зомбулук адамды менталдык жана физикалык жактан жабыркаткандан башка да бүтүндөй жамаатты бүлүнтчү үрөндүн уругун чачат.

Жабыркаган аялдар андан кош кат болгондон тышкары ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган учурлар арбын. Аларда өзүн өзү контролдоо жоголуп, үй-бүлөлөрү чанышат. Зулумдук жасагандар демейде көп зыян тартпайт. Аялдар шерменде болуп жүрсө, кылгылыкты кылгандар эркин жүрүшөт.


Уолстром айымдын айтымында, дүйнөнүн жаңжалдуу аймактарында 10дон 20га чейинки сексуалдык зордуктоо айтылбай калат.

Каддафиге ишенимдүү аскерлердин сексуалдык зордуктоосу жөнүндө март айында Эман Обейди деген аял биринчи айтып чыккан. Ал Триполидеги чет элдик журналисттер көп токтогон мейманканага келип, аны өкмөттүк аскерлер зордуктаганын айтып жатканда, коопсуздук күчтөрү күчтөп алып кетишкен. Эман Обейди кийин качкын офицерлердин жардамы менен Ливиядан чыгып кетип, азыр Румыниядагы качкындар лагеринде дарыланууда.

Ливиялык козголоңчулар туткунга алган эки жоокер жакында Би-Би-Си телеканалына курган маегинде офицерлер коркуткандан улам 20-24 жаштардагы төрт аялды зордуктоого катышканын айтышкан. Алардын сөзүнчө, кылмыштуу ишке каддафичил 20дай офицер да катышкан.

Ливияда зордукталган аял бүтүндөй үй-бүлөнү шерменде кылат деп эсептелет. Ошон үчүн андай жосундар жөнүндө коомдо ачык айтылбайт.

XS
SM
MD
LG