Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Жогорку Кеңеш коога боюнча токтом кабыл алды


Парламент коога боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алды. Токтомдо июнь коогалаңынын чыгышына "сепаратисттик маанайдагы Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов, Жалалиддин Салахуддиновдер күнөөлүү" деп белгиленген.

Башкы прокуратурага Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө этнос аралык жаңжалды алдын албай калгандыгы үчүн укуктук баа берүү милдети жүктөлдү. Президент менен өкмөт башчыга коомдук коопсуздук жана тартип үчүн жооп берген министрлик, ведомстволордун башчыларынын орун басарларын, шаардык мамлекеттик структуралардын жетекчилерин жана Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кызматтан алуу сунушу берилди.

Өкмөткө айрым министрлик, ведомстволорду этабы менен Ошко көчүрүү маселесин кароо тапшырылды. Депутаттар Дин иштери боюнча агенттикти, Баңги затын көзөмөлдөөчү агенттикти, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттикти, Ички аскерди жана президенттин иш ордун Ошко көчүрүү үчүн добуш беришти.

Башкаруу органдарына дайындоолордо элдин полиэтникалык курамын эске алуу айтылды. Ошто ИИМдин орто мектебин ачуу зарылчылыгы колдоого ээ болуп, июнь коогасынын кайталанышына жол бербөөчү чаралар бекитилди. Токтомду аткаруу мөөнөтү 3 ай деп бекиди. Бул мөөнөт аяктаган соң өкмөт парламент койгон талаптарды аткаруу боюнча программаны бериши керек. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG