Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Казак бийликтери 29 өзбек качкынды Өзбекстанга кайтаргандыгын бышыктады


Качкын макамын сураган өзбек жарандары Казакстандын миграция кызматтары аларга качкын макамын берүүдөн баш тарткандан кийин Алматынын камак борборунда бир жыл отурушкан. Алматынын аппеляциялык соту ал чечимди күчүндө калтырган. Укук коргоочулар мекенинде диний экстремизм боюнча айып коюлган качкындар Өзбекстанга кайтканда түрмөгө түшүп, кыйноолорго кабылышы мүмкүн экендигин эскертип келишет. "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Сенте Голстон Казакстандын соңку кадамы трагедия экендигин "Азаттыкка" билдирди:

Бул адамдарды Өзбекстанга кайтаруу чечими чынында трагедия, бул акылга сыйбаган кадамы үчүн Казакстан жооп бериши керек.

Камалгандардын 12синин аялдары Алматынын прокуратурасынын алдында нааразылык билдирип, күйөөлөрүнүн депортациялангандыгы тууралуу маалыматты тактоону талап кылышты. Алматы полициясы алардын айрымдарын кармап, кайра койо берди. Укук коргоочулар өзбек жарандары диний ишенимдери үчүн куугунтукталып жатат деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG