Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

“Биз биргебиз! Биз кыргызстандыкпыз” аттуу иш-чара өтөт


Бүгүн Бишкекте жаштарды биримдикке жана ынтымакка чыкарган “Биз биргебиз! Биз кыргызстандыкпыз” деген ураан алдында акция өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин жаштар көбүрөөк жүргөн жайлары - кинотеатр, сейил бактар жана ири соода борборлорунун алдында он кишиден турган топтор түзүлөт. Алар Кыргызстандын чачыраган картасын бириктиришет.

Иш-чара Жаштар иштери боюнча министрлик, ПРООН, “Республиканын байлыгы”, Кыргызстан калктарынын ассамблеясы жана жаштар уюмдарынын демилгеси менен уюштурулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG