Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү


Июнь каргашасынын бир жылдыгына байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бир мүнөттүк аза күтүлүп, туулар түшүрүлөт. Негизги эскерүү иш-чаралары Ош шаарында президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Парламенттен 50 чакты депутат барат. Ош шаарында “Энелердин көз жашы” деген айкелдин ачылышы болот. Президенттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктагандай, жылдыкка Кыргызстан муфтийи Чубак ажы Жалилов, Өзбекстан, Тажикстандан имамдар чакырылган. Алар момун мусулмандарды ынтымакка, биримдикке чакырып, шейит кеткендердин арбагына арнап куран окушат.

Каргашанын жылдыгына байланыштуу Ош шаарында тогуз өтмө бекет коюлганын, шаардын ичинде тартипти көзөмөлдөөчү тогуз пост күнү-түнү иштей турганын, кызматкерлер бардык байланыш каражаттары менен жабдылганын “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедов билдирген. Мындан тышкары шаарда 60ка жакын кайгуул күзөт маршруту уюштурулган. Анда милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундар күзөт жүргүзөт.

2010-жылы 10-июнда Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу башталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өткөн жылкы июнь коогалаңында Ош жана Жалал-Абад облустарында 400дөн ашуун адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Алардын 21инин жасаты тааныла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG